Бишкекте Баткендин тургундары үчүн төрт пункт ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, эгер кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат.

Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

- Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495, маалымат үчүн телефон: 0(312) 670433, 0700 020167;
- Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй пр., 28, маалымат үчүн телефон: 0(312) 530368, 0702148830;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-02-63, 57-04-59;
- Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2, маалымат үчүн телефон: 0(312) 653748, 653926.

Бишкек мэриясы республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү кезмет уюштурган.

Бишкек мэриясы жарандарга, волонтерлорго жана активисттерге активдүү жарандык позициясы жана кыйын күндөрдө Баткен элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.