16-сентябрдын таңында Баткендин мамлекеттик чек ара тилкелериндеги айыл тургундары октун үнүнөн ойгонуп, үйлөрүн таштап, бала-чакасын алып качууга аргасыз болушту. Бүгүнкү күндө жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган.

Kaktus.kg сайты Бишкекке эвакуациялангандардан кабар алдык. Алардын бири Лейлек районунун Арка-2 айылынын тургуну Гүлү Пирбаева неберелери менен качып чыккан.

"16-сентябрда эртең менен балдарды мектепке жөнөтөйүн деп жатканда капысынан ок жаады. 4 неберем менен октун арасынан качып чыгып, Дархум айылына туугандарыбызга бардык. Андан ары Кызыл-Кыяга келип түнөдүк. Ал жактан бир кичи автобус менен Бишкекке келе бердик. Ушуну менен төртүнчү жолу качышыбыз. Тынчтык болуп, үйүбүзгө кайтып, аман-эсен жашасак дейбиз", - дейт 70 жаштагы апа.

Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын жашоочусу Жумагүл Тешебаева 4 кызын алып Бишкекке келе берди. Жолдошу Баткенде калган. Жумагүл айым кагылыштан улам балдар билим алууда аксап жатканын айтты.

"Биз тажиктер менен аралашып жашайбыз. Таңкы намазды окуп бүтө электе эле атышуулар башталып кетти. Жолдошум экөөбүз балдарды алып чыктык. Кыздарым коркуп, ыйлашты. Лейлек жакка чыгып, андан ары Бишкекке келе бердик. Коркуп жашайбыз. Кагылыш болгондо жарым сааттын ичинде айылдан чыгып кетишибиз керек, болбосо курчоодо калып калабыз. Буга чейинки кагылыштарда таш, автомат эле колдонулса, бул жолкусу курч болду. Афганистан эле болуп калды. "Тарс" деген үндү уксак эле алаңдап калабыз. Түнкүсүн тынч уктай албайбыз", - дейт.

"Балдар мектепке жөнөйүн деп жатканда ок жаады". Баткенден эвакуациялангандардын баяны
Эвакуациялангандардын дээрлик баары улгайгандар, энелер, кыз-келиндер, жаш балдар, кыздар. Аларга кайдыгер эмес жарандардан жардамдар берилип жатат, ошентсе да дары-дармектер, кир жуучу каражаттар өтө зарыл болууда.


URL: https://kaktus.kg/8578