Президент Садыр Жапаровдун БУУнун трибунасында Тажикстандын баскынчылыгы тууралуу сүйлөгөн сөзүн коомчулук жактыруу менен кабыл алган. Андан улам президенттин сөзүн ким жазып бериши мүмкүндүгү да талкууга түшкөн. Улуттук "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде президент билдирүүсүн өзү жазганын белгиледи.

"БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе", - деди президент.