Кыргызстандын бириккен оппозициялык кыймылы президент Садыр Жапаровдон Кыргызстан элин бөлбөөнү суранат. Мындай билдирүү мамлекет башчынын маегинен кийин жарыяланды. Мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя курчуп жаткан маалда Акүй алдында митинг өткөргөндөрдү жасалма патриоттор деп атаган.
Оппозиция "эркиндик духунда тарбияланган, мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн, эгемендүүлүгүнүн, ар-намысынын баасын түшүнгөн эл ал үчүн күрөшкө даяр экенин көрсөткөнүн" белгилешкен.
Көпчүлүк кыргызстандыктар жана саясий күчтөр позициялардын жана көз караштардын ар түрдүүлүгүнө карабай мамлекет башчыны колдошууда.
"Ушундай өлкө үчүн кыйын кырдаалда биз өз элиңизди жаман көрбөөнү, аларды жакшы жана жаманга бөлбөөнү, митингге катышкандарды жана катышпагандарды өзгөчөлөнтпөй, баарыбызды бириктирүүнү суранабыз. Кыйын кырдаалда мамлекет башчы элди бириктирип, саясий күчтөрдүн баарын биримдикке жана диалогго алып келүүгө милдеттүү", - деп белгилешкен оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү.