Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов 19-сентябрда ок атышууну токтотуу, абалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды ишке ашыруу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Сүрөт кол коюудан кийин тартылган. Атайын кызматтын башчыларынын эки өлкөнүн тең катардагы жарандары үчүн маанилүү болгон чечимди кабыл алышкандагы жүздөрү эмнени билдирип турат?

Саймумин Ятимов кубанычтуу. Эмнеге кубанат, кубанууга себеп бар беле, белгисиз. Тажикстандын баскынчылыгынан эки өлкө тең жабыр тартты. Аскерлер, катардагы жарандар, анын ичинде жаш балдар каза табышты. Кубануудан кайгырууга себеп чоң. Же “өзү тийишкен бала ыйлабай” турганын моюндаганыбы? Канча деген кыргыз жарандарынын өлүмү, жабыркашы, чек ара аймагында жайгашкан айылдардагы өрттөнгөн үйлөр, түгөнбөгөн көз жаш Ятимов бир бутагында турган тажик бийлигинин абийиринде калды. Бул оорчулукту, жоопкерчиликти коңшу өлкөнүн атайын кызматынын башчысы күлкү менен жайгаргандай.

Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайгыдан араң карманганы билинип турат. Ал курман болгон ар бир жоокердин, ар бир жарандын жоопкерчилигин өз моюнуна жүктөдү. Эл камында жүргөн адамга катардагы жарандын башынан бир тал чач түшсө дагы, анын жүрөгү аркылуу өтөт. А мында канча деген өмүрлөр кыйылды. Ташиев жоопкерчиликтен качпады, актанбады, ким бирөөгө төңкөрүп (а чынында бул жалпы журт башына түшкөн кайгы) суудан кургак чыгууга аракет кылбады. Ар бир жоокер үчүн аза күттү, өрттөнгөн үйлөр, талкаланган жашоо көз алдында болду. Тажикстандын баскынчылыгы башталган алгачкы сааттардан ок атышуу толук кандуу токтоп, жашоо өз нугуна түшкүчө Баткен жергесинде, эл арасында жүрөөрүн айткан, ал сөзүнүн өтөөсүнө чыгууда.

Эки өлкөнүн атайын кызмат башчыларынын көрүнүшүндөгү айырма ушунда. Бири жарандарын, жоокерлерин кан майданга шыкактап коюп, алыс жактан буйрук берип отурса, экинчиси коргонуу аргасыздыгына кептелген жоокерлерине күч-кубат берип, ызылдаган октун ичинде жүрдү. Ал үчүн мекен баарынан, өмүрдөн да бийик экенин далилдеди.

Анан бири каткырып, бири түнөрбөгөндө кантсин? Согушту, кайгыны ар ким жасаган иш аракетине, ниетине жараша кабыл алат. Жарандар курман болуп жаткан учурдагы күлкү – ошол өлүмдү тапшырык кылган тараптан гана чыгат. Өз кылыгына маашыр болуудан. Канааттануудан.