Дүйнөдө күйүүчү майдын наркы көтөрүлгөн чакта бул жааттагы өндүрүштүн ишинин ыргактуу кетишинин мааниси чоң. Өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ички рыноктун суроо-талабын мүмкүнчүлүгү жетишинче канааттандыруу үстүндө. Ар бир тармак анын жетекчилигинин иш аракетинен, кесипкөйлүгүнөн, көрөгөчтүгүнөн көз каранды болоору маалым. 90 жылдан бери иштеп келаткан “Кыргызнефтегаздын” деми акыркы бир жылда ачылгандай болду. Татыктуу кадрдын жетекчиликке дайындалышы бул жаатка экинчи өмүр берди десек болчудай.

11-сентябрда Кыргызстанда мунайгаз тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана  “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасынын 90 жылдык юбилейи белгиленди. 

Мындан туура 90 жыл мурун 1932-жылы Чангыр-Таш мунай кенинде бургулоо иштери жүргүзүлүп, биринчи жолу 250 метр тереңдиктен өндүрүштүк мунай алынган. Бул Кыргызстанды мунайлуу кылды, ошол убактан баштап бул аймакта нефти өндүрүшүнө көңүл бөлүнө баштаган.

Аталган компаниянын 90 жылдык мааракеси мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад аймагына болгон иш сапарына туш келди. Президент мунай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ишинин өлкө жашоосундагы ролун белгиледи.

“Ар бир кесип ардактуу” дейт элибизде. Ошентсе да нефть жана газ өндүрүү тармагы өлкөбүздүн экономикалык кубаттуулугун бекемдөөгө салым кошо турган чоң тармак”,- деди Садыр Жапаров.

Ошону менен катар мамлекет башчы акыркы жылдары өлкөдөгү бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда да уланып, мында натыйжалуу жылыштар байкалганын билдирди. Айрыкча, “Кыргызнефтегаз” ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал болуп бере алаарын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өлкөбүздүн мунай жана газ тармагындагы жалгыз өндүрүштүк ишкана экенин жалпыбызга жакшы маалым. Ошол эле учурда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын толуктоочу мекеме да болуп саналат. “Кыргызнефтегаз” мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме”,- деди ал.

Кесипкөй мунайчылардын жана газчылардын күч-аракети менен өлкөбүздүн экономикалык жана энергетикалык базасы чыңдалып жатканына белгилеген мамлекет башчысы эмгекчил мунайчылар ички рынокту мүмкүн болушунча күйүүчү, майлоочу заттар менен камсыздоого, жаңы кендерди изилдеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын өлкөнүн экономика тармактарын жана элди күзгү-кышкы жылуулук мезгилине даярдоого кошкон салымы да эбегейсиз. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы менен Ош шаарындагы Жылуулук электростанциясына мазут жеткирүү менен өлкөнүн кыш мезгилиндеги энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Ошону менен бирге, мамлекеттик ири өндүрүштүк өнөр жайлардын өнүгүүсүнө да салымы зор”,- деди өлкө башчысы.

Быйыл Баткен облусуна өзгөчө макам берилген. Ага ылайык, аймакты өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Буга токтолгон мамлекет башчысы аймактын өнүгүшүндө “Кыргызнефтегаздын”  орду өзгөчө болооруна ишенээрин айтты.

“Мен “Кыргызнефтегаз” ишканасы Баткен облусунда мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнү ийгиликтүү колго алат деп ишенем. Анткени, мунайчылар күндү-күн, түндү-түн дебей, жамгырлуу жазга, аптаптуу жайга, ызгарлуу кышка карабастан эмгектенүүдө. “Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кептегидей, мунайчылардын мээнети текке кетпейт деп ишенем”,- деди.

Садыр Жапаров  “Кыргыз Петролеум Компани” мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин “Кыргызнефтегаз” ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштаарына көңүл бурду. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

“Сиздердин алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан ары да ак ниеттүүлүк менен аткарып, мамлекетибиздин ички рыногун камсыз кылып, өндүрүштүн туруктуу иштөөсү үчүн талыкпай эмгектене берериңиздерге бекем ишенем! Мунайзат өндүрүүнүн көлөмү артып, мамлекетибиздин экономикасы жогорулай берсин!”,- деп мамлекет башчы мунай кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров ишкананын жаңы сатып алган техникалары менен таанышып, бул жаатта алгылыктуу иштер болуп жатканына ынанды.

 “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчилигине Нургазы Нишанов 2021-жылдын соңунда дайындалган. Иштиктүү, билимдүү жаш кадрдын келиши жогоруда айтылгандай, ишкананын жашоосуна экинчи дем бергенсиди. Мамлекет башчысынын дагы акыркы бир жыл ичинде ишкананын иши ырааттуу кетип, жаңычылдыктар арбын болуп жатканын белгилегенин Нишановдун аракетине жасалган баа катары кабыл алууга болот.

Нургазы Нишанов жетекчилик кызматка дайындалаар замат ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келатат. Мисалы, Кыргызстанда 500 миллион тонна углевороддорду өндүрүү мүмкүндүгүн айтып чыкты. Ошол убакта чалгындоо иштери 10 миллион тонна углевороддор бардыгын белгилеген. Бирок аны жер алдынан казып алууга бир катар жабдыктар керек болоору маалым эмеспи. Нишанов күч аракетин ушул тарапка буруп, жаңы бургулоо станокторун сатып алууга аракеттенди. Өткөн жылы ишкана 15 миң 821 литр бензин, 5 миң 292 кубометр дизель, 72 миң 130 тонна мазут өндүргөн. Жыйынтыгында, киреше 2 миллиард сомду түзгөн. А быйыл бул киреше өсөөрү бышык. Анткени, жетекчиликтин демилгеси, аракети менен жаңы техникалар сатылып алынды. Анын баары өлкө жашоосунун өнүгүшү үчүн пайдаланылат. Буйруса, ишкана ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантса, Кыргызстан күйүүчү май боюнча тышкы көз карандысыздыктан кайсы бир деңгээлде кутулаары шексиз.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити