Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда күч алып бараткан жаш кыздарды зордуктоо, аялзатына зомбулук көрсөтүү жана жалпы эле коомубуздагы аялзатынын абалы, укугу, ушундай үрөй учурган көрүнүштөрдүн келип чыгуу себеби жана анын алдын алуу, болтурбоо чаралары тууралуу белгилүү жазуучу, чыгармаларынын дээрлик баардыгы аялзатына арналып, бул темада көптөгөн маселелерди көтөрүп жүргөн жазуучу, публицист, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева менен маектештик.
– Топчугүл эже, Кадамжай районунда 14 жашар кыздын зордукталып, андан кийин колу артына байланып өлтүрүлгөндүгү кыргыз коомчулугун дагы бир ирет селт эттирип койду. Анткени мындан мурда Бишкекте 13 жашар кыздын милиция кызматкерлери тарабынан зордукталып жүргөндүгү да ачыкка чыгып, дүрбөлөңгө түшкөн элек. Буга чейин да Бишкекте Айзада Канатбекова, үч жыл мурда Кара-Балтада Бурулчанын кайгылуу өлүмү катталган болчу. Эмне үчүн акыркы кезде айтууга ооз барбаган, уккан адамдын төбө чачын тик тургузган аялзатына, болгондо да жашы жете элек кыздарга карата эркектер тарабынан зомбулуктар көбөйүп кетти?
- Мындай үрөй учурган окуялардын себептерин коомубуздун өзүнөн издейли. Кадамжайдагы ошол үч зөөкүр асмандан түшпөдү, элдин ичинен чыкты да. Алардын ичиндеги кара ой, мыкаачылык жүрүм-турумдарынан, сөздөрүнөн, ойлорунан байкалган эмеспи. Зөөкүрлөрдүн баскан-турганындагы чекиликтер буга чейин да болуп келсе керек. Алардын жанында ата-энеси, бир туугандары, кошуналары, айылдаштары, теңтуштары болгон да. Кантип эле көрбөй-билбей калышты.
Баарынын кайдыгерлиги, дагы айтам, негизги себеп - кайдыгерлик! Жай жүргөн адам мындай мыкаачылыкка барбайт да! Эсинизде болсо керек, 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кыздарды эркине карабай зордоп уурдап, никеге тургусу келгендердин саны абдан көбөйүп кеткен. Атайын изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда ар бир 40 минутада бирден кыз уурдалат экен. Жыл сайын 13000 жаш үй-бүлө ушундай кыздарды уурдоо жолу менен курулат экен.
Жан кашайганда айтасың, муну Гиннес китебине киргизсе болот деп. Ошол уурдалып, турмушка чыккан кыздардын бир тобу өз жанын өзү кыйган. Дагы бир бөлүгү ажырашып кеткен. Эң коркунучтуусу, кыз уурдагандар жазаланбай келет. Кыздарды мажбурлап көшөгөгө отургузуп, укук коргоо органдарына арызданууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.
Ошол маалдагы мыйзам талабы боюнча кыз уурдагандар 3 эле жылга кесилген. Ал эми мал уурдагандар 11 жылга кесилген. Кыздын тагдыры малдыкынан төмөн болгон. Качан гана коомчулук коңгуроону катуу кагып, түп көтөрүлүп маселени кабыргадан койгондо кыз урдоо кылмыш деп аныкталып, мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жазалоо күчөтүлөт. Натыйжада бул көрүнүш кыйла азайды. Азыр да коомчулук алдында, бийлик алдында так ушундай иш-чараларды өткөрүү милдети турат.
– Кадамжайдагы кайгылуу окуядан кийин социалдык тармактарда педофилдерге өлүм жазасын колдонуу боюнча пикирлер айтыла баштады. Деги эле Сиз өлүм жазасы балдарга зомбулукту токтото алат деп ишенесизби?
- Өлүм кайсы бир деңгээлде коркуу сезимин жаратат. Зөөкүр миң акылынан адашкан маалда деле өз өлүмүнөн коркот, ойлонуп калышы мүмкүн. Бирок өлүм жазасын киргизүүгө биздин укук коргоо, прократура, сот органдары да даяр болуш керек. Алар адилет иштеп, тыкыр изилдеп, чечимдерди калыс чыгарыш керек. Бөөдө өлүмгө адамдар тушукпашы керек. Биздин бүгүнкү коррупциясы тамырлашып кеткен системада адилеттик дайым эле болобу? Бир гана ушул суроо арганы курутат. Канткен күндө да, бир канча адамдын биригип алып жашы жете элек кызды зордуктап, кыйнап өлтүргөнү жазанын эң оорун алууга тийиш.
– Эгер ошол чоңдор тарабынан уруп-сабалып, зордукталган балдар, кыздардын үй-бүлөлүк абалын изилдеп көрсөк, дээрлик баардыгынын атасы же энеси, айрымдарынын атасы менен энеси кошо мигрант болуп, балдарын туугандарына таштап кеткен болуп чыгууда. Сиз эне, аялзаты катары жашы жете элек балдардын тууганы болсо да башка адамдарга ташталып кетип жаткандыгы туура деп ойлойсузбу?
- Бүгүнкү кыргыз коому билинбей отуруп бир канча социалдык катмарларга бөлүнүп калды. Алар жашоо акыбалы, баалуулуктары, билими ж.б. көрсөткүчтөрү боюнча бири-биринен айырмаланып турушат. Бай, оокаттуу катмар материалдык да, моралдык да жактан корголгон. Байлардын, даражалуу чиновниктердин, депутаттардын кыздарын уурдашкан эмес, кыз уурдагычтар бей-бечаранын кыздарына кол салышкан. Бүгүн зомбулукка, зордоого да мигранттардын балдары, атасы же энеси жоктор, кыйналып жашаган катмардын кыздары тушугуп атышат. Социалдык абал чоң себеп болууда. Кадамжайдагы кызды да атасы, апасы алыста экендигинен зөөкүрлөр пайдаланды. Өспүрүм курактагы жалгыз кызын жалгыз тайэнесине таштап кетишкен. Балким, ата-энеси жанында болсо кыз мындай мыкаачылыкка кириптер болбойт беле?!
Бала-чакасын таштап миграцияга кетүүнүн өзү туура эмес. Жаш наристелер, өспүрүм балдар калып жатат. Анын үстүнө өткөөл өспүрүм куракта балага кызбы, уулбу көз керек, өзгөчө көзөмөл, көңүл буруу зарыл.
Өткөөл курактагы балдарды ата-энеси маңдайында турганда да тарбиялоо кыйын, ал эми кимдир бирөөлөргө таштап кеткенде – бул өтө эле чоң тобокелчилик!
Азыр Кыргызстандан чыгып кеткен мигранттардын теңи аялдар деген статистика бар, айрым маалыматтар аялдар көбүрөөгүн түзөөрүн айтып жатышат. Тилекке каршы, бу аялдар баары төрөп-түшө турган куракта, уулдары, кыздары бойго жете элек энелер, жаш кыздар.
- Жогоруда айтылгандай, 13 жашар кыздын милиционерлер тарабынан зордукталышы ачыкка чыкканда, Айзада менен Бурулча мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө да коомчулук бир дүрбөп, убакыт өткөндө баары унутулуп кала берди. Бул ирет да ошондой болбойт деп айта аласызбы?
- Унутулуп калат деп айталбайм, социалдык эс тутум деген түшүнүк бар. Анын үстүнө биздин коом мындай мыкаачылыкты көтөрө албайт, күйүп-бышып атканын көрүп атабыз го. Биздин эл башка кайгы түшкөндө бир муштумдай бириге калаарын билебиз да. Бул ирет кыз уурдоонун жазасын күчөткөндөй эле педофилдерге карата жаза мыйзамдык деңгээлде күчөтүлмөйүн элибиз талапты кое берээрине ишенем.
Коомчулуктун мындай көрүнүштөргө реакциясын өз убагында жасап, жарандык жигердүүлүк менен тиешелүү бийлик өкүлдөрүнөн жазанын эң оорун талап кылып жатканы - бул чоң иш, демократиялык коомго гана тиешелүү болгон сапат, калыстык. Мындай көрүнүш укук коргоо органдарынын кабыл алган чечимдеринин адилет болуусуна алып келет, коррупцияны болтурбоого карата аракет. Коомчулуктун үнүнүн бүгүн кыргыз коомунда күчү бар.
– Дегеле кыргыз коомчулугунда аялзатына карата мамилеге кандай баа бересиз. Мен билгенден айрым мусулман мамлекеттеринде аялдар оор жумушта иштебейт, укугу өтө жогору. Ал эми бизде базарда соода кылып, оор жүк ташыган, күндүн ысыгы менен суугунда отурган, мигрант болуп чет өлкөлөргө кеткендердин да көпчүлүгү аялдар болууда.
- Базарда отуруу да, мигрант болуу да аялдын тандоосу, көбүнчө каалоосу болуп атпайбы. Аялдар бүгүн өзгөргөн, көбү өз тагдырын өзү чечип калды. Алардын аз эмес бөлүгү миң жылдап келаткан стреотиптерди талкалап, кыргыз аялзатынын жаңы образын жаратып отурушат. Сиз илгери-кийин завод-фабрика куруп иштеткен, чет өлкөгө барып иштеп, илимде ачылыш жасаган, же бир өлкөнүн президенти болгон кыргыз аялын көрдүңүз беле?!
Билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты тейлөө чөйрөсүндө 70%дан ашуун аялдар эмгектенишет. Ошол эле учурда алар турмушка чыгып, кыздарды, уулдарды төрөшүп, тарбиялап чоңойтуп, өздөрүнүн демографиялык жана социалдык парзын аткарышат. Аялдар кайсы заман, кайсы элде болбосун чоң күч. Болгону аларга карата көз караш, мамиле түрдүүчөлүгүнөна ялдардын акыбалы тууралуу маселе жаралат.
Кыргыз коомуна келсек, мыйзамдык жактан аялдардын укуктары биздин өлкөдө абдан жакшы корголгон, бул багытта бир нече улуттук мыйзамдар кабыл алынган, биздин мамлекет эл аралык конвенцияларга, келишимдерге кол койгон, ага ылайык аялдардын акыбалын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди алган.
Кыргыз аялдарынын өзгөчөлүгү ушунда экен, алар эч убакта үлпүлдөп кийинип алып үйдүн ичинде отурган эмес. Тиричиликтин арабасын күйөөсү менен кошо сүйрөгөн. Үйдөгү, дегеле коомдогу кризистик абалдардан чыгууда аялдарда жөндөм, чыдамдуулук жана сабырдуулук кыйла жогору экендигин баштан кечирген учурлар далилдеп койбодубу.
Кошумча айтаарым: “Тестиер кыз: анын бүгүнү жана эртеңи” деген темада өлкөбүздө кыз баланын маселесин чар тараптан камтыган масштабдуу социологиялык изилдөө өткөрүү зарыл. Бул изилдөө кыз баланын жан дүйнөсүндөгү тынчын алган маселелерди таап чыгууга, анын муктаждыктарын билүүгө көмөктөшүү менен бүгүн күн санап көбөйүп жаткан зордук-зомбулук көйгөйүнүн алдын алууга мүмкүнчүлүк бермек. Бүгүн жазалоону катуулатуу менен бирге көйгөйдүн алдын алуу маселесине көңүлдү олуттуу буруш керек. Ошондой эле өлкө боюнча зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык жана агартуучулук кампанияны тезинен баштоо керек.
Маектешкен Эмилбек Момунов, Булак: “Майдан. kg” гезити