Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Баткен областындагы жана Ош областынын Алай районундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы түзүлгөн кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угууда.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.