Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 1999-жылы Бишкектин ардактуу жараны болуп жарыяланган. Жакында Кыргызстанга Тажикстандын жасаган баскынчылыгынан кийин соцтармактарда Рахмонду бул наамдан ажыратуу сунуштары жолдонуп баштады. Бул боюнча экс-премьер-министр Феликс Кулов пикирин билдирди. 

Эске салсак, 1999-жылы, Рахмонго аталган наам берилген маалда Бишкектин мэри Феликс Кулов болгон. 

 "Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ал убактагы Рахмонов келди. Аскар Акаевдин президенттик администрациясынан бизге Рахмоновду тез арада шаардык ардактуу жараны кылуу боюнча көрсөтмө келди. Менин ал кишинин Бишкекке кандай тиешеси бар деген суроомо, Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы эмгегин кайсы бир жактан белгилөө керек, анын үстүнө тараптардын жарашуусу Акаевдин демилгеси менен Кыргызстандын борбор калаасында болду деген жооп келди. 

Аны кайсы бир орден менен сыйлоо туура эмес болуп калаары, ардактуу жаран наамын берүү абалдан чыгуунун жолу экенин талкуулаганбыз. Сыйлуу конокту "куру кол" кетирбөө үчүн. Биз тараптан каршылык көрсөтүү албетте, кабыл алынган жок", - деген Кулов. 

Ошондой эле, ал кийинчерээк Рахмондун келишинде бир катар чек ара маселелерин чечүүгө аракеттер жасалганын уккан. Бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болбогон, анткени тажик президенти жарандык согуштун кесепеттерин толук кандуу жое элек болгондуктан, ички маселелеринен сырткы маселелерге чыга алган эмес. 

"Чейрек кылым Рахмон ар кандай сыноолорду көтөрө албаганын, ардактуу жаран наамына татыктуу эместигин жана ал диктатор жана агрессорго айланып кеткенин көрсөттү", - деп белгиледи Кулов.