Россиянын Мамлекеттик Думасы Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө контракт түзгөн чет өлкөлүктөргө Россиянын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө берилиши боюнча мыйзам актысын кабыл алды. Буга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги убактылуу Россия аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктарга чет өлкөнүн аймагында куралдуу конфликттерге же аскердик согущтарга катышуу кылмыш жоопкерчилигине тартаарын эскертет. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 256-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышса 10 жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо жазасына туш келет. 

Кыргызстандын жарандарына кайсы бир согуштук аракеттерге катышуу тууралуу билдирүү келсе Кыргызстандын Россиядагы Элчилигине тез арада кайрылуу керек.