КР УКМКнын Чек ара кызматы 22-сентябрь, саат 8:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирди. 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.
Чек ара аймактарын жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ар кандай ок-дары жана башка жарылуучу заттардан тазалоо иши уланууда.
Тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды басаңдатуу жана мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгуу боюнча макулдашуулардын аткарылышын текшерүү боюнча чараларды көрүүдө.
Эске салсак, 16-сентябрда Тажикстандын аскерлери буга чейинки макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын бир нече аймагына бир убакта кол салышкан. Тажикстандын баскынчылыгынан 57 адам каза таап, 198 адам жабыркады.