Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мурдагы төрагасыТуйгунаалы Абдраимовго карата чечим кабыл алды. 

Маалыматка караганда, Абдраимов "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айып төлөмөй болду.

Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т. Абдраимовго тиешелүү “Кайнар” ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөн.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Т.Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 млн 300 миң сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берген.