Экс-депутат Ирина Карамушкина укук коргоочу Азиза Абдырасулованын постунун алдына комментарий калтырып, анда бардык кыргыз тилдүүлөрдү блокко салаарын билдирди. 

"Менин баракчамда орусча гана жазылышы керек. Же бири бирибизди түшүнбөгөндөн кийин силерди блоктойм", - деп жазды экс-депутат. 

Анын бул билдирүүсүнө Азиза Абдырасулова мындай жооп кайтарды: "Кечирип коюңуз, менин баракчамда кыргызчага тыюу салынган эмес. Эгер сиз, урматтуу Ирина Юрьевна, кыргыз тилин үйрөнө албаган болсоңуз, гуугл переводчик бар. Ал сизге бекер кызмат кылып берет".