Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал күч алып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жоокерлер менен кошо окко аралашып жүргөн кезде айрым саясатчылар арам ойлорун ишке ашыруу менен убара болушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди. 

"Камчыбек Ташиевге "Эл баатыры" наамы бирилгенде кээ бир сын айткан саясатчылар каргашалуу күндөрү башын катып, чээнде жатты. Абал турукташканда чыга башташты. Бирок Ташиев алардан өзгөчөлөнүп, жоокерлер менен кан майданда тынчтык үчүн чогуу жүрдү. Жоокерлер «генералдын биз менен чогуу жүргөнү бизге күч, дух берди, биз ошол күч менен душман мизин кайтардык» дешет. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн өз өмүрүн тобокелге салды. Чечкиндүү кадамдарды жасады. Душман жерине барып, барымтадагы 4 жоокерди алып келди", - деди депутат.