Минтип суроо берүүгө аргасызбыз. Анткени, бизде гумжардамдар өз даректерине жетпей, жардамга муктаждар албай, ортодогу жергиликтүү чиновник, аткаминерлер кымырып алган учурлар буга чейин болгон. Элибиздин ыкчамдыгы, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган биримдиги аркасында 30 млн. сомдон ашык каражат, 700 тоннадан ашык жардамдар жыйналып, Баткенге, окуянын жабырлангандарга  жөнөтүлүп жатат. Ошол эле мезгилде алардын үй-жайсыз калгандарга, тамак-ашы жок отургандарга берилип жаткандары боюнча маалыматтар болбой жатат.

Айтайын дегенибиз, гумжардамдарды адрестүү жеткирүү маселеси тыкыр көзөмөлгө алынып, оң, сол чөнтөктөргө солонуп, кымырылып, уурдалып кетишине жол берилбеши керек. Эгерде андай көрүнүштөр орун алып, жабыркагандарга, эвакуациялангандарга берилчү жардамдарга кол салган кызмат адамдары аныкталса, мыйзам чегинде токтоосуз жоопкерчилиги каралып, элге ачык айтылсын!