Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда кыргыз элине түз эфирде кайрылуу жасады. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бардыгын белгиледи.

“Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө. Бүгүнкү күндө чек ара мейкиндигинде ажал бүрккөн ок атышуу токтогону менен интернет мейкиндигинде чагымчыл сөздөр жаңырууда. Мындай чыр-чатактын чекесин кыйытып, элдин аң-сезимин бурмалоого багытталган кеп-сөздөр белгилүү бир максатта – меймандос элибиздин карым-катышта болуп, кызматташып келе жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин суутуп, алардын ортосуна от жагууга багытталганын эсибизден чыгарбашыбыз кажет”, - деди мамлекет башчы.