КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 18-сентябрь саат 22:00гө карата алынган ыкчам маалыматы боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн.

Саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү