«Ичтен чыккан ийри жыландар», «Өздөн чыккан жаттар» жок дегенде ушундай оор кырдаалда, согуш оту тутанып, адам өлүмдөрү кыйылып аткан чакта тилдерин тиштерине катып турушса болот эле!  

Атамбаевди кудайындай көргөн журналисттер, активисттер бар. Мына ошолор кырдаалды өз кызыкчылыктарына пайдаланышып, Атамбаев болгондо Рахмонду ордуна коюшмак дегендей былжыраган постторун жазышып, Атамбаев үчүн пиар кылууга жандалбас кылып атышат. Азыр пиар кыла турган, Атамбаевди мактап, Жапаров, Ташиевди каралай турган маалбы?

Мамлекеттин тынчтыгы, элдин биримдиги үчүн унчукпай, тескерисинче мамлекет башындагыларды колдоого алып, Рахмондун агрессиясына каршы, анын кутум максат, кара ниеттигине каршы тура турган учур го. Жок, адам өлүмдөрүн бир тыйынчалык да көрүшпөй, Атамбаевдин пайдасына пиар жасоо менен алек болушууда. Алар мындай аракеттери менен Рахмондун, тээжиктердин чырактарына май тамызып аткандарын түшүнүшөбү? Согуштан да пиар, саясат жасаган андайларды эмне деп аташ керек?

(Фейсбуктан алынды)