Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен ар кандай жараат алган сегиз жабырлануучу дарыланып жатат. Бул тууралуу борбордун директору Гүлзат Маймерова билдирди.
Айтымында, түндө алты жабырлануучуга операция жасалган. Алардын эң кичүүсү - тогуз айлык бала. Бир жарым жаштагы балага ок тийген, ага операция жасалды. Бүгүн жабырлануучулардын акыбалы турукташты, оң динамика бар.
Эске салсак, 16-сентябрда таңга маал Тажикстан Кыргызстандын бир нече аймагына бир убакта ок чыгарган. Тажикстандын агрессиясынан бүгүнкү күндө 103 адам жараат алып, 24 адам каза тапты.