КР УКМК бүгүн, 17-сентябрда саат 07:00гө карата Баткен облусу менен чектешкен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу тынч, бирок өтө чыңалган деп билдирди.
Тараптардын биргелешкен ыкчам штабы кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун жетекчилеринин жана тиешелүү түзүмдөрүнүн катышуусунда тараптардын күч түзүмдөрүнүн аракеттерин координациялоо боюнча ишин улантууда.
Кыргыз тарап коңшу тарапты ок атышпоо боюнча жетишилген макулдашууларды так сактоого, мамлекеттик чек арадагы чыңалууну сактоого шарт түзгөн ар кандай факторлорго жана шарттарга жол бербөөгө чакырат.