УКМК төрагасы тажик тарап менен жолугушуу тууралуу айтып берди. Ал ок атышуу жакын арада токтой турганын белгиледи.
"Мен жаңы эле тажик тарап менен жолугушуудан чыктым. Исфара шаарына барып Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолугуштум. Биз ок атышууну токтотуу чечимин кабыл алдык. Тийиштүү команда бердик. Кыргызстандыктарды тынчсызданбоого чакырам. Буга чейин кагылышуулар болду, эми эки сааттын ичинде конфликтти толугу менен токтотобуз деп ойлойм.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнөн куралган комиссия өз ишин баштады", - деди Камчыбек Ташиев.