Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Төрага Талант Мамытов “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.