КР УКМК билдирет: ок атышууну токтотууга көрүлгөн бардык аракеттерге карабай, тажик тарап конфликт орун алган аймакка оор согуштук техникаларды алып келүүнү улантууда. Ошондой эле, болгон арсеналды Кыргызстандын аймагына ок атууга пайдаланып жатат. Муну менен биздин аймакты ээлеп алууга аракеттенүүдө. 

Учурда катуу кагылышуу жүрүп жатат. УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын аскердик агрессиясын чегинтүүнү улантууда.