Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов катышат. 

Буга байланыштуу ок атышуу азайууда. Аны толугу менен токтотуу жана кырдаалды мындан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүүдө.