Кадамжай районунда 14 жашар кызды алды 28 жашта болсо, эң кичүүсү 18 жаштагы үч адамдын зордуктап, анан муунтуп өлтүрүшкөнү коомчулукта аябагандай чоң резонанс жаратты. Мурда тынч болуп келген Баткен тарапта адам өмүрүнө кол салууга байланышкан кылмыштардын көбөйүп баратканы чындыгында эле тынчсыздандырарлык көрүнүш. Мындан эки жыл мурда бир прокурор өлтүрүлгөн, жайында үч дос эс алууга чыгышып, бирөөсү өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу экөөсү кармалган. Дагы башка коркунучтуу кылмыштар да катталган. Бирок, 9-класска жаңы кирген кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү үрөй учурарлык болду. Аны мамлекет башчысы өз көзөмөлүнө алды.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынан тартып, адистерге, жөнөкөй адамдарга чейин педофилдерге каршы жазаларды катаалдантууну талап кылышууда. Алсак, депутат Улан Бакасов педофилдерди бычып салууну, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутат Ырысбек Атажанов аларга өлүм жазасын киргизүүнү сунуш кылышты. Депутат Эльвира Сурабалдиева жашы жете электерге кордук көрсөткөндөргө жазаны катаалдантуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Бирок, алгачкы айтылган эки демилгенин тең аярлуу жактары бар. Биринчи, узак убакытка түрмөгө камалганды бычтыргандын кандай укуктук, социалдык мааниси бар? Түрмөдөгүлөрдү алардан сактоо үчүнбү? Ал жактагылардын көзүрлөрү эч кимден коркушпайт, ким болбосун өз мыйзамдарына тез көндүрүп алышат. Эгерде алар бычылса, мурдагыдан да коркунучтуу элементке айланып, бошонуп келгенден кийин кысасын башкалардан чыгарышы мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек.

Биз депутат Ырысбек Атажановдун сунушун колдойбуз, бирок аны аткарганга укуктук жолубуз жок. Анткени, өлүм жазасы Кылмыш-Жаза Кодексинен алынып, Баш мыйзамда ага тыюу салынган. Кыргызстан андай жазаны четке каккан эл аралык уюмдардын, бирикмелердин баардыгына мүчө болуп алган. Өлүм жазасын киргизүү үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек, ал жеңил эмес. Бирок, биздин жекече пикирибизче, өлүм жазасы болуш керек. Эгерде рецидивист бир нече адамды же кош бойлуу аялды, жашы жете электерди атайылап, кордоп өлтүрсө, анын өмүрүн сактоонун өзү антикоомдук, антиадеп-ахлактык көрүнүш болуп саналат. Андай адамды аягандан мурда анын колунан кыйналып өлгөндөр жөнүндө ойлонуп, алардын жакындарынын абалын да түшүнүү керек. Андай немелерди жөнөкөй салыктардын эсебинен өлгүчө же 30-40 жыл багуу мамлекетке да ашыкча жүк. Азыр Кыргызстанда өмүр бою эрктеринен ажыратылган 300дөн ашык адам камакта жатат. Алар түрмөдөгүлөргө да терс таасирлерин тийгизишет, коом үчүн өтө коркунучтуу деп эсептелишет.  Бул жерде абстракттуу гуманизмдин кереги жок.

Азыр АКШнын 17 штатында өлүм жазасы бар. Өлүм жазасы киргизилген штаттарда кылмыштуулук андай жаза жок штаттардагылардан жогору деген суу кечпеген сөздөр. Эгерде аларда өлүм жазасы болбосо, кылмыштуулук андан да жогору болмок. Өлүм жазасы бар жерлердин баарында ал криминалдык элементтер үчүн күчтүү тормоздук фактордун милдетин аткарары талашсыз. Жаза болсо эле ал адам өлтүргөндөрдүн баарына колдонула бербейт, өзгөчө мыкаачыларга, алардын кылмыштары 100 пайыз далилденгенде гана колдонулат. Кенедей шек саноо жаралса же жеңилдетүүчү жагдайлар аныкталса, ал токтотулат. Же элестүү айтканда, криминалдык дүйнө үчүн аларды коркутуп, опузалап тургудай “бокочонун” милдетин аткарат. Тилекке каршы, бизде андай “бокочо” жок  болгондуктан супер коррупционерлер  “супер демократтарга” айланып алышып, бизге тазалык, адилеттик, калыстык жөнүндө акыл айтышууда. Кандай    кылмыш менен айыпталып камалбасын, эгерде акчасы, таасирдүү жакындары болсо, рецидивисттердин деле 3-4 жылга жетпей бошонуп кетип жатышканын көрүп  келатабыз.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити