Акылбек Жапаров "Кумтөрдүн" мурдагы сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы боюнча пикирин билдирди. Анда Министрлер Кабинетинин төрагасы анын күнөөсү бары-жогун сот аныктай турганын белгилеген. 

"Менин бул тууралуу кабарым бар. Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн болжолдуу жыйынтыгы боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Кудайга үмүт кылалы, мындай нерсени биз бир нече жолу башыбыздан өткөрдүк. Анын күнөөсү барбы же жокпу бир гана сот аныктай алат. Кумтөрдө иш так жүрүп жатат, бир грамм дагы алтын өлкөдөн чыгарылган жок", - деген Акылбек Жапаров.