Ар бир ири мегаполисттердин көйгөйлүү маселеси таштандыларды шаар сыртына чыгаруу, аны жоготуу болуп саналат. Анткен менен сарамжал жана иштин көзүн билген шаар башчылары ошол таштандыларды баш ооруу кылбай, кайра сыръё табуунун, киреше алуунун булагына айландырышат. Себеби бир эле кагазды өзүнчө чогултуу менен жок дегенде картон жасаса, пластикалык идиштерден ар кандай желим буюмдарды чыгарса болот. Бул багытта бийлик болбосо да, айрым жеке ишкерлер нан үчүн өзүнчө идиштерди орнотуп, айына 50 тоннага жакын нанды чогултуп, андан жем жасап, сатуу менен пайда таап жаткандыгын билебиз. Ошондой эле айрым демилгелүү жаштар шаарыбыздын борбордук бөлүгүнө атайын сетка идиштерди орнотуу менен платик бөтөлкөлөрдү чогултуп, аны кайра иштетүү менен керектүү буюмдарды чыгарышууда.
Анткен менен бир миллиондон ашык калкы бар шаарыбызда таштанды көйгөйү чечилип калган жок. Көпчүлүк таштанды төгүүчү жайларда жыйналбаган акыр-чикирлер үйүлүп, өз убагында алынбай жатат. Бул маселе боюнча депутаттар тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден-соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты.
Жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү да катышты.
Мэр Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигонун жөнгө салуу жаатында жаңы долбоорду ишке ашыруу максатталганын айтып, бул үчүн алгач Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган каражаттардын терегиндеги талаштуу жагдайларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп, андан кийин эки жылдын аралыгында шаар бийлиги өз каражатына таштандыны кайра иштетүүчү ишкана кура тургандыгын айтты.
Булак: “Майдан. kg” гезити