Сыягы, Кыргызстандын Эгемендүүлүк тарыхынын 31 жылында эң чоң жетишкендиктеринин бири мугалимдердин маянасынын көтөрүлгөндүгү болду окшойт. Болгондо да мурдагы бийликтердин тушундагыдай көтөрдүк демиш болуп, 200-300 сом кошуп койбой, бул бийлик апрель айында түз эле 80%га көтөрүп, бир да мугалим түшүнө кирбегендей кубанычтуу окуяга туш болушту. Ал тургай агай, эжейлерибиз мурдагы 10-15 миң сомдун ордуна 30-40 миң сом алганда акча кармаган колуна, ошол акчаны көргөн көзүнө ишенбей, улам улам кармалап, көзүн ушалап, ал тургай көзүнөн жашы да чыгып кетип атышты.
Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин: педагогикалык персоналдын айлыгы — 80%га, кичүү жана техникалык персоналдын айлыгы — 80%га, административдик персоналдын айлыгы — 50%га жогорулаган болчу. Баарынан да үч айлык отпускнойун алганда колуна тийген акчасын батыра албай, алды Анталияда, арты Ысык-Көлдө эс алып келишти. Июнь айында президент Садыр Жапаров мугалимдердин айлыгын жылдын аягына чейин дагы көтөрүп берүүнү убада кылган.
12-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге дагы бир кубанычтуу жаңылык жарыялап, максималдуу эмгек акы 35 миң сом, ал эми минималдуу — 20 миң сом болорун билдирди. Мындан ары айрым окутуучулар 50 миң сомго чейин алышы мүмкүн экен. Кошумча акча мугалимдин эмгек тажрыйбасына, олимпиадада жана билим берүү жаатындагы башка жетишкендиктерине жараша бөлүнөт.
Албетте, мугалимдердин айлыгы көтөрүлүшүнө эч кимибиз ичи тардык кылган жокпуз. Бирок министрлик реформа жасагандай түр көрсөтүп, жайы менен баардык мектептердин беш жылдан көп иштеген директорлорун жумуштан бошотуп, конкурстук жол менен кайра тандап алды. Ага да ата-энелер тилектештигибизди билдирип, колдогонбуз. Чындыгында бул ирет баарыбыз эле мектепте окуган балдарыбыздан акча чогултуу акыры токтойт ко деп үмүт кылган болчубуз. Тилекке каршы ал үмүтүбүздү таш капты. Анткени окуу жылы башталар менен эле директорлордун “подружкаларынан” түзүлгөн 4-5 дежур ата-энелер комитети “балдар үчүн акчаны аябайбыз...”,- деген баягы эле жасалма демилге менен чыгышып, бордон тартып, тряпка, суу, кароолчу, техникалык кызматкерлердин маянасына чейин ата-энелердин мойнуна жүктөп, мындай демилгеге каршы болгон ата-энелердин балдарына кысым көрсөтүп, ар биринен бир нече миң сомдон чогултушууда. Баарынан өкүнүчтүүсү, алардын бул акча чогултуусу мыйзамдуубу, ал акча кайда, кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат деген суроолор жоопсуз калууда...
Булак: “Майдан. kg” гезити