Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы сырткы башкаруучусу Тенгис Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айшагүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкаруу директору Рыспек Токтогулов да кармалышкан.
Алардын баары Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, "Кумтөр Голд Компани" боюнча Башкы прокуратура тарабынан 3 кылмыш иши козголгон. Буга чейин аталган компанияда каржылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу материалдарды, азык-түлүктөрдү базар баасынан кымбат сатып алышканы маалым болгон. Ошондуктан,Тенгис Бөлтүрүк ээлеген кызматынан бошотулган болчу.