«Манастын уулу Семетей» тасмасынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүке, “Манастын уулу Семетей” тасмасынын Москвада премьерасы кандай өттү?

- Көрсөтүү Россиянын Жазуучулар союзунун борбордук адабиятчылар үйүнүн чоң кино залында өттү. Ага Москвада жашап эмгектенишкен мекендештерибиздин активисттери, коомдук уюмдарынын жетекчилери чакыртылды. Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин, Москвадагы кыргыз диаспорасынын жардамы менен уюштурулду. Четте жүрүшкөн мекендештерибиз чоң кызыгуу менен ынтаалана көрүшүп, жогору бааларды беришти.

“Бул кино кыргыз маданиятындагы чоң жаңылык. Кыргызстан гана эмес, жалпы Орто Азия өлкөлөрүнө, ал түгүл Турция, Иран, Кытайга көрсөтүлө турган эл аралык деңгээлдеги тасма чыкканы кубанычтуу”, - деди Москвадагы Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдун негиздөөчүсү Максат Гапыров.

“Мен Түркиянын дүйнөгө таанымал кинолорун кызыгып көрүп жүрөм. Биздин “Манастын уулу Семетей” алардан кем калбаган тасма болуптур. Деги эле “Манас” эпосуна, улуу кыргыз тарыхына кайрылган биринчи олуттуу, эл аралык аренага чыгууга татыктуу тасма тартышкан кино топко ыраазылык”, - деди экс-консул, Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Турдали Орозбаев.

“Манастын уулу Семетей” тартылды. Эми бул топ “Манасты” тартмакчы. Биз “Чоң казат” деп ураан чакырып, улуу саясий жүрүшкө чыкканбыз. Эми “Манастын уулу Семетейди” жараткан чыгармачыл топко, продюсер Төлөбековго улуу “Манаска” киришиши үчүн элибиз жабыла колдоп, көмөк көрсөтүшүбүз керек”, - деди ЕврАзЭСтин министри Максат Мамытканов.

- Ошондо эми “Манастын уулу Семетейден” кийин “Манасты” тартмакчысыздарбы?!

- Москвада тасмабызды мекендештерибиз үчүн тартуулап, Россиянын интернет (стриминг платформа) жана телеканалдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Буга чейин мындай жолугушуулар Стамбулда, Анкарада өткөн. Турцияда да түрк кесиптештер  “Манасты” тартсаңыз биз кошулабыз” деп чыгышкан. Мамытканов күчтүү саясатчы, белгилүү коомдук ишмер “Манастын уулу Семетейден” кийин “Манас” тартылуусу керектигин байкап, демилге көтөрүп атпайбы.

- Эми “Чоң казакттын” демилгеси менен “Манасты” тартууга даярдык башталабы?!

- Даярдык алда качан башталган. Кыргыз киночулары жарым кылымдан бери “Манасты” киного айлантууну дегдешип, аракеттенип келатышат.

- Эмнеге тартылбай келди анан? Океев, Шамшиев, Убукеев өңдүү эл аралык кадыр-баркы бар кино режиссёрлор даашпадыбы?!

- Ал кезде каражатты Москва чеччү. Башка улуттагы башкаруучуларды  кыргыздын улуу чыгармасынын ааламга даңазаланышы кызыктырган эмес. Экинчиден, “Манаста” айкаш, согуш көп. Ал өтө көп каражатты талаптамак. Азыр болсо, компьютердик графика пайда болду,ал кездегидей анчалык зор каражат талапталбайт.

- Демек, “Манасты” тартууга бел байлаптырсыз да?

- “Манас” элибиздин ыйык чыгармасы, улуу мурас. Аны азыркы заман талабына ылайык тасмага айлантуу ар бир киночунун парзы. “Манастын уулу Семетей” тасмасы чоң уу-дуу жаратып, ар кимдер ар кандай пикирлерди айтышып, ал аркылуу улуу эпосту тартууга бир кадам жакындадык. Мурдагы маданият министри, азыркы “Түрксой” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев тасмабызга каршы чабуул башталганда колдоп, “Манасты” тартуу таржымалын баяндаган. 2009-жылы андагы министр менен кино режиссёр Болот Шамшиевди “ХХ кылым Фокус” кино компаниясынын вице-президенти Сэнфорд Панич Голливудга чакырып, алар дүйнөлүк улуу чыгарма “Манаска” кызыгышканын билдирип, аны киного айлантууга канча сумма керектигин сурайт. “120 миллион доллар”  дейт Шамшиев. “Кыргыз тарап канча кошот?” дейт анда Сэнфорд. Кыргыз тарап кошо албастыгын айтышат. Демейде, мындай эл аралык долбоорго бери дегенде 10 пайызын жергиликтүү өлкө кошумчалайт. Ошону менен маселе токтойт. Шамшиев өтө чоң сумманы айтпаганда Голливуд чындап ниеттенгенин армандайт Раев. Мен 3 жыл мурда “Семетейди” биргелешип тартуу үчүн Россиянын эң ири кино өндүрүш компаниясы болгон “Каро продакшндын” башкы директору Обухов менен ушул окуяны эскергенде ал киши: “120 миллион эмес, азыраак, айталы, 20-30 миллион доллар сураганда алар макул болмок”, - деген. Муну эскергеним 2009-жылдагы “ХХ кылым Фокустун” вице-президенти Панич азыр Голливуддагы, дүйнөдөгү эң ири “Сони” кино компаниясынын президенти. Азыр биз ал кишиге чыгып, “Манас” тууралуу маселени кайрадан көтөрүп атабыз. Жүздөгөн эмес, бир миллион долларга “Манастын уулу Семетейди” тартканыбызды айтып, “Манасты” анимациялык көркөм тасма кылуу ниетин билдирип, Голливудду, ошондой эле, 220 миллион көрүүчүсү бар эл аралык эң популярдуу “Нетфликс” стриминг платформасын биргелип иштөөгө чакыруудабыз.

- “Манасты” Кыргызстан өз күчү менен тарта албайбы?!

- Компьютердик графика аркылуу каражатты кыйла үнөмдөп тартса болот. 3 сааттык тасман Болливуд 3 миллион долларга жасаарын билдирди. Голливуд менен Болливуддун заказы менен иштеп жүрүшкөн биздин аниматорлор 2.5 миллион долларга жасоого даяр.  Анчалык суммага биздин өлкөнүн деле дарамети жетмек. Бирок, кино бүткөндөн кийин аны дүйнөгө таратууда кыйынчылык болот. Эгерде Голливуд, “Нетфликс”, бери дегенде Россия, Турция, Кытай биргелешип тартсак, ошондо гана тасмабыз шыр аалам аралай алат.

- “Манастын уулу Семетейди” тартканыңызда чоң чууга кабылдыңыз,  “Манаска” киришсеңиз анык балээге калуудан коркпойсузбу?!

- “Манасты” да, “Семетейди” да киного айлантууга көпчүлүк каршы эмес. Көптөр “аз каражат менен улуу чыгарманы начар тартып кор кыласыңар” деп атышты. Алар биз графиканын мүмкүнчүлүктөрүнөн улам каражаттын чектелүүлүгүнөн тасманы анча мүчүтпөстүгүбүздү эске алышпады. Эң башкысы “Манастын уулу Семетей” аркылуу биз “Манасты” эске салып, аны тарта алаарыбызды эл аралык ири кино компанияларга ишенимдүү билдирдик.

Ал эми ар кандай пикирлерге келсек... Ар ким оюн айтууга укуктуу, айта беришсин. А биз иштешебиз керек. “Манас” улуу чыгарм. Аны мен жеке тартпайм. Мисалы, сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Кеңеш Жусуповдун прозалык китептеринин негизинде эл аралык маанидеги коомдук ишмер, жазуучу Султан Раев, жаштар сүйгөн тасмалардын автору Бакыт Осмонканов, продюсерликке “Курманжанды” тартып азыр Францияда, ЮНЕСКОдо кызмат өтөп жаткан Садык Шер-Ниязды, режисёрлукка “Манасчы Саякбай” менен “Манасчы Сагынбайды” тарткан Эрнис Абдыжапаров менен “Манастын уулу Семетейдин” коюучусу Эгемберди Бекболиевди, кеңешчиликке манасчылар: Манас жана Айтматов институтунун директору Талантаалы Бакчиев менен Исаковду чакырып, биргелишип тартууну сунуштамакмын.