Сузак районунун тургуну, 2010-жылдагы түштүк коогалаңын өз көзү менен көргөн Таштан Бөрүбаев андагы окуядагы Камчыбек Ташиевдин, Азимбек Бекназаровдун ролу тууралуу айтып берди.
- Ошол окуяда Азимбек Бекназаровдун келген-кеткенин, аралашканын такыр билбейм. Ошондуктан ал тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана алардын жанында жүргөн жигиттердин кылган иштерин, күнү-түнү уктабагандыкка өңдөрү бозоруп калганын көргөнбүз. Ыйлаган ата-энелер, ошол окуяда жабыркагандардын баары көрдү. Кыргыз-өзбек дебей алардын эмгегин билишет. Алар окуя башталганда атайын Бишкектен Ошко учуп келишип, элди тынчытышып, ымалага келтиришти. Ошол убакта Жалал-Абадда да коогалаң башталып кетишине аз калды. Мен ал учурда Жалал-Абадда жашачумун. Эл экиге бөлүнүп, тополоң чыгып кетээрде Камчыбек Ташиев келе калып, Сузактан келаткан элди тосуп, сөзгө келтирип, ынтымакка чакырып үйлөрүнө жиберген. Андан кийин барып, Санпадагы окуяны токтотту. Өзүнүн жанын бычактын мизине коюп, ошол жерге барган эл менен сүйлөшкөн, аксакалбы, жаштардыбы баарын ынтымакка келтирген. Мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыкта жашашы үчүн өтө чоң салымын кошкон.