Муну турмушубуз ырастап жатат. Мамлекеттик тилибиздин өнүгүп, колдонулуш чөйрөсүнүн кеңейип, иш кагаздардын мамлекеттик тилге өтүүсүнө Жогорку Кеңештин, тагыраак айтканда, депутаттардын салымы чоң.

Буга чейин  депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматтарын, докладдарын мамлекеттик тилде даярдалуусун талап кылышып, анын натыйжасында мамлекеттик тилдин жыты да жок болгон мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилге маани беришип, иш кагаздарын кыргызчалатууну колго ала башташкан.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин 5-сентябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү айыл чарба министрлиги менен Салык кызматынын расмий тилдеги докладдарын угуудан баш тартышып, мамлекеттик тилде даярдап келүүлөрүн талап кылышты.

Бул албетте, жакшы көрүнүш. Жалгыз Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын колунан эч нерсе келбейт. Мамлекеттик органдарды, мекемелерди мамлекеттик тилге басым жасоого милдеттендирчү ыйгарымдары жок. Андай нерсе ЖК депутаттарынын колдорунан келет. Агрардык саясат комитетинин мамтилге болгон мамилеси мактоого арзыйт. Ушундай эле мамилени башка профилдик комитеттер да, Төрага өзү баш, калган депутаттар төш болуп көрсөтүшсө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатында кескин жылыштар, өзгөрүүлөр  болот эле.

Булак: "Майдан. kg" гезити