Деги ушул Равшан Жээнбеков жөнүндө убакыт коротуп, жазгың дагы келбейт. Өз кызыкчылыгы үчүн ата наркын тебелеп өткөнүн угуп гана, аргасыздан эки ооз сөз айтууга туура келип жатат...
“Кадам-медиа” сайтында карапайым окурмандын пикирин окуп калдык. Ток этер жеринен кыстара кетели: “Кечээ жакында Равшан Жээнбеков атасы Бабырбек Жээнбековдун сөз эркиндигин колдоо фондусунун сыйлыктарын тапшыруу иш чарасын өткөрүптүр. Албетте, атасын унутпай, эстегени - алкоого татыктуу иш. А бирок, бейиши болгур Бабырбек байкенин өмүрүнүн акыркы жылдарына көз чаптырып эстеп койсок, атасынын элесин уулу Равшан кантип тебелегенин көрүп, айла жок жакаңды кармайт экенсиң. Уулу Равшандын айынан Бабырбек Жээнбеков Атамбаевдин көп жылдык куугунтугунан башы чыкпады. Жумуштан эки ирет куулду, жасалма кылмыш иш козголуп артынан түшүштү. Менчигин талашуу башталды, соттон сотко сүйрөштү. Ысык-Көлдө пансионаты өрттөлдү... Бабыр байке мына ошентип Атамбаевдын репрессиялык машинасы менен аянбай, арстандай кармашты. Ошол кармаш анын ден-соолугуна орду толгус зыян алып келди. Айыккыс ооруунун негизги себеби мына ошол куугунтук болду.
Ден-соолугу чың, күчкө, акылга толуп турган, куугунтукка баш ийбеген кишини ошентип соттон сотко сүйрөп жүрүшүп, башка жол менен алып тынышты. Ошентип, куугунтуктан, катуу кармаштан айыккыс оорууга чалдыккан Жээнбеков акка моюн сунду. Ал убакта Равшан өзү да Атамбаев, Текебаев менен күрөшүп жүргөн убагы.
Бирок, тагдырдын тамашасын кара, бир аз убакыттан кийин Равшан атасынын элесине түкүргөндөй эле мамиле кылып баштады. Атамбаевдин “мен сени премьер-министр кылам” деген азгырык сөзүнө, анын акчасына ишенип, саясатта 180 градус тескери жакка бурулуш жасады. “Атамбаев башкы узурпатор, аны кылмыш жообуна тартыш керек” деген Равшан Атамбаевдин башкы вазирине айланды. Андан аркы Равшандын саясий имиджине, жолуна, тандоосуна баарыбыз күбөбүз, кайрадан айтып отуруштун кажети жок. Эми, атасынын атынан сыйлык тапшырып коюп эле Равшан арбакка жакпаган иштерин жууп сала албайт. Бабырбек байкени жакындан билгендер анын жанын алып тынган Атамбаевдин вазирине айланган Равшандын Кудайга жакпас жоругун унутушпайт”.
Ачыгын айтканда, Бабырбек Жээнбеков атындагы сыйлык тапшыруу салтанаты катардагы эле оппозициянын жыйыны болуп калыптыр. Бабырбек Жээнбековдун жанында жүргөн кесиптештердин бири жок (аларга ооз учунан айтылган, чындап чакырышса колдоруна чакыруу кагазын карматып коюшмак). Негизинен учурда бийликке каршы чыгымыш болуп, бирок бир нерсени үмүт этип жүрүшкөн саясатчылар көзгө чалдыгат. Сыйлык алгандар да өздөрүнүн катарында жүргөндөр, аларды бир гана критерий менен тандап алышкан: бийликке сын айтсаң, алдың...
Жеке Равшан Жээнбеков жөнүндө ушундан кийин терс пикирлер көбөйдү.
Биринчиден, ал кечээки иш-чарада өз атасынын атын жеке саясий кызыкчылыгында колдонгону бешиктеги балага дагы дайын болуп турат.
Экинчиден, Бабырбек Жээнбеков АШАнын бийлиги менен аягына чейин күрөшүп келди. Жогоруда маалыматта айтылгандай, буга ал уулу Равшан үчүн барган. Ошондон улам, уулу болгондон кийин Равшанда бир аз болсо да нарк болушу кажет эле. Бирок, ал кечээкисин унутуп, Атамбаевдин баш вазири болуп чыгып жатпайбы, жетишинче коргоп. Бул эки жүздүүлүк эмей эмне?
Ушундан кийин Равшанга ким ишенип, ээрчийт? Анан ушул баланын колунан төңкөрүш жасоо келеби? Тынч жүрбөсө, аны ордуна кое турган эл бар...
Дамир Байболотов (“Фейсбуктан алынды")
Булак: "Майдан. kg" гезити