Президенттин Жарлыгы менен ушул жылдын 25-ноябрына Кыргызстандын элдик курултайы чакырылды. Ал Жарлыкта курултайдын функциясына эмнелер кирери көрсөтүлүп, уюштуруп-өткөрүүнүн жана өкүлдөрдү шайлоонун Убактылуу Жобосу да бекитилген. Жобого ылайык, ар айыл аймагынан 2ден, райондук деңгээлдеги шаарлардан 1ден, ал эми республикалык маанидеги шаарлардан 2ден, Бишкектен 10, Ош шаарынан 6 өкүл шайланышы керек. Жободо чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз үчүн да квота каралган. Бул жагынан алганда курултай аймактардагы калктын санына пропорционалдуу эмес, аймактык административдик бирдиктердин кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлөт.

Курултайга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өкүл болуп шайлана алышпайт. Биринчи курултайда республикалык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн отчеттору угулуп, негизинен маданий гуманитардык багыттагы орчундуу маселелер талкууланмакчы. Анын иши эки күнгө эсептелген, бирок курултай эркин микрофон формасында өткөрүлөрүн, каалагандардын баарына сөз берилерин эске алсак, эки күндө курултайды аяктоо кыйын.

Курултай укук-ченемдик актыларды бекитүүчү, аткаруучу эмес, кеңеш берүүчү орган. Ал жерде эмнелер талкууланып, кандай чечимдер кабыл алынбасын, алар сунуштук гана күчкө ээ болот. Ал жагынан “биздин ыйгарымдарыбызды талашат” деп парламенттин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары тынчсызданышпаса болот. Бирок, элди ушунча дүрбөтүп, ири чыгымдар менен өткөрүлүп жаткандан кийин Курултайдын биринчи отуруму жалпы элдик “жарамазан” болуп кала бербеши, ал жок дегенде каада-салттарды жана үрп адаттарды цивилдүү бир нормага келтирип, мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүү боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алыш керек. Анткени, каада-салттар, маданият жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук идеология жөнүндө маселелер -  түздөн түз курултайдын компетенцииясына кирген маселелер. Бул жаатта Президенттин бир катар Жарлыктары, Өкмөттүн токтомдору чыгарылган, курултайдын өкүлдөрү аларды өнүктүрүп, ишке ашыруунун конкреттүү жолдорун көрсөтүүлөрү, жер-жерлерде мамлекет башчысынын бул багыттагы саясаттарын жүзөгө ашыруунун авангардында болуулары зарыл. Эгерде аларды аткара албай, ар өкүл өз ич күптүсүн  чыгарып, өз аймагынын көйгөйлөрүн эле сайрай берсе, анда Курултай конкреттүү эч нерсени чече албаган, сайраганды гана билген жалпы кыргызстандык жарамазанчылардын клубунун деңгээлинде кала берет. Андай клубдун уззагыраак жашоосу өтө эле кыйын...

Биздин  оюбузча, эгерде бизге чындап эле Курултай керек болсо, ансыз жашай албай жатсак, анда азыркыдай эмес, 1925-1936-жылдардагыдай формада уюштурса, анда ал чындап элдик башкаруунун эң жогорку органына айланмак. 1925-1936-жылдары Кыргызстанда 6  ирет курултай өткөрүлгөн. Адегенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан облустук, республикалык курултайларга өкүлдөрдү шайлашса, алар облустук, республикалык деңгээлдерде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин түзүшкөн. Алсак, республикалык Курултай Борбордук Аткаруу комитетинин 130-150 адамдан турган мүчөлөрүн шайлашып, маанилүү укук-ченемдик актыларды кабыл алышкан. Ал эми БАК өзүнүн төрагасын, элдик комиссарларларды (министрлерди) шайлап, жылына бир-экиден чогулушуп, укук-ченемдик актыларды кабыл алып, аткаруу бийлигинин жетекчилеринин отчетторун угуп, кадрдык өзгөрүүлөрдү бекитип турушкан. Чындыгында ал убакта Курултайдын 2-2,5 жылдык мөөнөткө шайланган өкүлдөрүнүн таасирлери да, ыйгарымдары да чоң болгон. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын    ролдору да өскөн. Анткени, облустук, республикалык курултайларга өкүлдөр алардын ичинен гана шайланган. Же жергиликтүү кеңештердин республиканын эң жогорку бийлик органын түзүүгө жана көзөмөлдөөгө түздөн-түз катышкан. Тилекке каршы, курултаймандар Акаевдин убагынан бери сайрап жүрүп, Баш мыйзамга эптеп киргизишкен Курултай азырынча пикир алмашуучу платформанын ролун гана аткарганы турат. Бирок, платформа болсо да жогоруда айтылгандар боюнча бир пикирге келип, республикалык бийлик органдарына, жалпы калайык калкка иштиктүү сунуштарды бергенге жарашса, ал өзүнө кеткен чыгымды болсо да актайт. Эгерде бир убактагы СССРдин эл депутаттарынын 1-сьездиндей, жергиликтүү чечендердин, ич күптүлөрү барлардын жарыштарына айланып кетсе, бул биринчи жана акыркы курултай болуп калышы да ыктымал.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити