Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарында өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенип жүрүп мурда кармалган кылмыштуу топтун жашырынып жүргөн дагы мүчөлөрү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алар Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештерин опузалап акча талап кылуу, уурдоо менен алектенип келишкен.  

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер  күч колдонушуп, бычак менен коркутушуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, анын эркине каршы белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 миллион рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 миң рублин алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.

Буга байланыштуу ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча бир катар комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.  

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 23-август күнү Россиянын ИИМдин  тиешелүү башкармалыктарынын ыкчам кызматкерлери Росгвардиянын ыкчам чараларды көрүү атайын отрядынын күжүрмөн колдоосу менен шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.

 - Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;

- Экинчи шектүү Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну  2000-жылы туулган Ж.уулу Н..

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Жогорудагы адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.

Булак: “Майдан. kg” гезити