Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (муфтият) башкы кеңсесинин курулушуна Кыргызстанда бай адамдардын сап башында турган айтылуу "Раим миллион" деген каймана  аты бар  Райымбек Матраимов башында турган "Исмаил-Ата" фонду демөөрчүлүк кылары коомчулукка ачык айтылды.

“Райым-миллион” каймана аты менен өлкөгө таанылган аткаминер буга чейин публикага чыкчу эмес. Азыр ал жигердүү элге аралаша баштаганын байкоого болот.

Жаңы курулуп жаткан имаратка капсула салуу үчүн Кыргызстандын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев жана башка муфтияттын жооптуу кызматкерлери катышкан.

Мындай маалыматты муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев да ырастап, мындай деди: “"Муфтият кеңсени ижарага алып отурат. Ошондуктан жаңы имаратты курууга бир жылдан бери фонддорго, ишкерлерге кайрылып келгенбиз. Жаңы имарат быйыл бүтөт. Азырынча бир эле ишкер демөөрчү болууда. Мамлекеттен каражат бөлүнгөн эмес, ишкерлердин колдоосу менен курулуп жатат”.

Ал курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынганын кошумчалады. Ал эми жаңы имаратты курууга канча каражат жумшалары, анын долбоору тууралуу маалымат айтылган жок.

Мунун алдында 30-августта Исмаил Матраимов атындагы "Исмаил-Ата" коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынганы тууралуу кабарлаган. Ага муфтий Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров жана диний кызматкерлер катышканы айтылган. Имарат Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан Имам Сарахси мечитине кошуна салынып жатканы белгиленип, капсула салып жаткан сүрөттөрдү жарыялаган.

Белгилей кетүүчү жагдай, жыл башында президент Садыр Жапаровдун чечими менен муфтияттын ижарада отурган, эскирген жана айрыкча жума намаз күндөрү элдин көптүгүнөн машиналар батпай, тыгын жаралгандыктан, жаңы кеңсе куруу чечими кабыл алынгандыгы, ага мамлекеттен бир сом да жумшалбай, демөөрчүлөр тарабынан каржылана тургандыгы белгиленген.

Булак: “Майдан. kg” гезити