Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кадамжай районунда болгон кылмыш тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.
"Айбандар! Баса, айбандар да мынчалыкка барбайт... "Твари" деген сөз ыңгайлуу болот окшойт.
25 - 27 жашка жетип, 14 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп койгон балдар жөнүндө кеп...
Эмне болуп кетти бизге?!
Билим - тарбия жоголуп баратат! Балдарыбыздын келечегине эмне калтырабыз?! Орозбек Абдыкадыров, Абсамат Масалиев жана ушуларга окшогон жердештер менен сыймыктанып жүрдүк эле... Маркум Айдай кызыбыздан, анын туугандарынан кечирим сурайбыз, көңүл айтабыз...
Туугандар, келгиле жаныбызда жүргөн балдарыбызга, неберелебиздерге көңүл буралы", - деп жазды депутат.
Эске салсак, Кадамжай районунда 4-сентябрда 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, аны 24, 25 жана 27 жаштагы үч айылдашы зордуктап, өлтүргөнү аныкталган.