Баткен облусунун Кадамжай районунда зордукталып, өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын сөөгү кечээ, 5-сентябрда жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришкен.
Алардын айтымында, кыз бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болгон. Атасы менен апасы иштөөгө Россияга 20 күн мурда кетишкен. Кыз чоң энесинин колунда калган.
Эске салсак, кылмыш 4-сентябрда болгон. Анын сөөгү туннелдин ичинен колу артына байланган калыбында табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы жарандар кармалды.