Жогорку Кеңештеги “Альянс” парламенттик фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев Сокулук районунун бир катар айылдарында жашаган этникалык кыргыздар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.
Буга чейин “Альянс” фракциясынын депутаттары башка фракциялардын депутаттары менен бирге этникалык кыргыздардын жарандык алуусун бир топ жеңилдете турган мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.
“Он миңден ашуун этникалык кыргыздар азыркы күндө же "Кайрылман" статусун ала албай же өздүгүн тастыктоочу документтери жок Кыргызстанда жашап жатышат. Медициналык кароо, билим алуу, юридикалык жардам алуу - чоң көйгөй. Каттоону, "Кайрылман" статусун алууда көптөгөн маалымкат талап кылууну жеңилдеткен мыйзам долбоорун алып чыктык. Бүгүн аталган мыйзамды Сокулук районунда тургундар менен талкууладык жана чогулгандар бул демилгени тез арада ишке ашырууну суранышты. Келе жаткан жума комитеттин кароосуна алып чыгабыз”, – деди Жанарбек Акаев.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан медицина жана башка мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгү, инфраструктуранын, жолдордун абалы өңдүү курч көйгөйлөр да көтөрүлдү.
Фракция лидери жыйындын катышуучуларына алардын жашоо шартын жакшыртуу жана айтылган башка маселелерди чечүү үчүн тийиштүү мекемелер менен бирге иш алып бара тургандыгын кошумчалады.