Юрист, коомдук ишмер Ахунбай Кошоев Камчыбек Ташиевдин “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” наамын алышы боюнча пикирин билдирди.

- Камчыбек Ташиевдин эки жылга жакын убакытта эмне иштерди аткарганын баарыбыз көрүп турабыз. Ал арада жүрөгү ооруп, дарыланууга жаткан жеринен чек арада чыр чатак чыкканда дароо кайтып келип ишке чкыты. Мээнети бар. Баягыга караганда коррупциянын аягы тыйылып бараткандай, бирок толук жоюла элек. Кытай дагы коррупцияны 9-12 жылда араң токтотушкан. Бизде бир жарым жылда эле кадимкидей коррупционерлердин жүрөгүнүнүн үшүн алды.

Мен Камчыбек Кыдыршаевичти кыргыздын барбалаңдаган, ак көңүл, элине жакшылык кылам деген жигити деп билем. Мындан ары да ушундай иштесе эл эмгегин баалап алат. Коррупцияга каршы күрөштү ушундай темп менен улантып, коомду тазалап берет деп ишенем. Ошондо, ардактуу эс алууга чыкканда элибиз көкөлөтүп колуна көтөрүп алат. Буга чейин коррупцияга каршы күрөштү айта беришчү, бирок күрөш жүрчү эмес, Кумтөрдү ала алышпаган, айлык акылар көбөйбөгөн. Азыркылардын чечкиндүү аракети менен бюджетке акча түшүп, анын жыйынтыгында айлыктар жогорулады. Мунун баарын карап көргөндө, президент, эл сыйлап сыйлык берип жатса, демек, Камчыбек Ташиев ошол наамга татыктуу. Мындан ары да талыкпай эмгектенип, коомду тазалап, мыйзамдуу өлкө куруп бериши керек.