Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров ар кайсы тармактардын мыктыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын ичинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” наамын алды. ИИМ ардагери, юридика илимдеринин кандидаты Мухтар Исмаилов Ташиевди жогорку наамга көрсөтүү сунушу менен бир катар инсандар 2010-жылдан кийин эле ошол кездеги бийликке кайрылышканын билдирди.

- Биз ошол кезде эле бийликке сунуштаганбыз. Бирок көңүл бурулган жок. Мына, эми Кудайдын кудурети менен тагдыр экен, Эл баатыры наамы Камчыбек Ташиевге ыйгарылды. Биз ошондо айттык эле, наамды элине, журтуна кызмат кылган инсандарга өз убагында берсек деп. А биз бул дүйнөдөн өтүп кетишкенден кийин гана наам ыйгарып, өз убагында баалап-барктабай көнүп калганбыз да. Кудайга шүгүр, учурдагы президент маалында баалай алды. Тарыхый адилеттүүлүтү калыбына келтирди. 

 Ташиевдин эң жогорку даражага ээ болушу 2010-жылдагы эле кылган ишинин жыйынтыгы деп ойлойм. Ага берилген наам – жалпы кыргыз элине берилген наам. Буйруса, Камчыбек Кыдыршаевичтин алдыда жасай турган эмгектери арбын.

Мен кайрылат элем: Кудай буйруса, мындан да татаал жолдорду басаарсың, кыргыз элиңе жаныңды берген жигитсиң, өзүңдү этият кылып, элге кызматыңды уланта бер. Көралбастар көп болот, эч көңүл бурба, ишиңди улантууңду суранам. Буйруса, кыргыз элибиз өнүгөөрүнө, жогорку деңгээлге көтөрүлөөрүнө ишенем.