Бүгүн, 2-августта президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатат. Сыйлык алгандардын арасында көзү өтүп кеткен белгилүү инсандар бар. Алар тууралуу мамлекет башчы мамлекет үчүн опол-тоодой эмгектери үчүн көзү жок болсо да сыйлык ыйгарууну туура тапканын белгиледи. 

"Эл арасында, “аттиң ушул инсандардын көзү өтүп кетсе дагы, эмгектери татыктуу бааланса” деп айтылган салмактуу, орундуу кептер көптөн бери жүрүп, атүгүл маал-маалы менен элден да сунуш-каттар тынбай келди.

Нарк күткөн кыргыз элибиз “Калк айтса, калп айтпайт” дейт. Мына ошондуктан, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу максатында өз мезгилинде Мекенине ак кызмат кылган инсандарыбыздын эмгегин баалап, жасаган опол тоодой ишмердүүлүктөрүн өздөрү жок болсо да татыктуу белгилөөнү туура көрдүк.

Коомдук-саясий, мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев эмгек жолун катардагы ветеринардык врачтан баштап, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, андан кийин Министирлер Советтинин Төрагасы кызматы үзүрлүү аркалаган.

Анын Өзгөн районунун, Ысык-Көл облусунун экономикасын кантип көтөргөнү, эл турмушун кантип жакшыртканы тууралуу кептер азыр да айтылып, эскерилип келет. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы катары өлкөнүн кубаттуулугун көтөрүү боюнча жүргүзгөн зор уюштуруучулук иштери да жакшы белгилүү.

Дүйнөгө “Кыргыз керемети” деген ат менен атагы чыккан улуттук кино тармагыбыздын өнүгүшүнө салым кошкондордун сап башында таланттуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин ысымы аталат.

Бүгүнкү күндө анын кинофильмдерин көрбөгөн кыргызстандык болбосо керек. Болот Шамшиевдин “Ак кеме” тасмасы дүйнөлүк кино океанында азыр да сүзүп жүрөт. Анын башка бир катар кино тасмалары бүгүн да улуттук экраныбыздан түшө элек. “Бөрү зындан”, “Караш-караш окуясы” кинотасмалары мурдагы Советтер Союзунун алкагында эң көп кирешелүү тасмалар боюнча кинопрокатта рекорд койгонун айтсак, анын канчалык таланттуу экени даана көрүнөт.

Ошентип өмүрү кийинки муунга өрнөк болгон ысымдары аталган көрүнүктүү инсандарыбыздын эмгегин, тарых акыйкаттыгы үчүн, көздөрү өтүп кетсе дагы жогору баалап, аларга мамлекетибиздин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку сыйлыгын берип жатабыз", - деди президент Садыр Жапаров.