- Сейтек Качкынбай Японияга элчи болсун деген кайрылууга кол коюптурсуз. Эмне үчүн ал кишиге ишеним артып жатасыз?
- Сейтек Качкынбай жаңы муундун өкүлү, билимдүүсү. Кан алмашмайынча, жаңыланмайынча өзгөрүү болбой калган учурлар ар бир тармакта кездешет. Өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жылуу болсун деген ниетте мен ал жигитти колдоп чыктым. Ишти илгерилете турган жаңы күчтөр келсе мамлекетибиз үчүн эле утуш болмок. Анын үстүнө Жапан өлкөсү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири, колдон келишинче алардын дилин, тилин, маданиятын түшүнгөн азаматыбыз ал жакта элчиликти аркаласа чоң утуш алып келмек элибизге. Элчилик кызмат - инвестиция тартууга, эки мамлекеттин ортосунда алаканы жакшыртууга өбөлгө түзчү кызмат.