Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Япониядагы Элчилигине талапкер катары айтылып жаткан Сейтек Качкынбай тууралуу пикирин билдирди.
- Сейтек Качкынбайды мен 2005-жылдардан бери тааныйм. Сейтек тырмактайынан билим алып, алдыга чоң максаттарды коюп, Кытайдан япониядан билим алды. Япониядан сегиз жыл билим алып, алты жыл япондорго билим үйрөтүп сабак берди. Жүргөн - турганы япон элиндей болуп калган. Сейтек өзү либерал, демократ. Жаш муундун өкүлү. Япониядагы элчиликке Сейтек дайындалса, эң биринчи кезекте мамлекет утмак, эл утмак.