Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу, Садыр Нургожоевич!

Биз, Японияда окуп эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандары Сизге манилүү маселе менен кайрылууну туура таптык.

Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алган жылдар ичинде өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү элчиси болуп ошол элдин тилин, маданиятын, психологиясын билгендер дайындалган учурлар аз. Тескерисинче, Кыргызстандын саясий казанында көп жылдардан бери кайнап, саясий интригаларга аралашып, расмий бийликке ыңгайсыз фигурага айлангандарга сүргүн катары элчилик кызматты берүү жаман адатка айланды. 30 жыл мурда түптөлгөн бул жаман адат ушул убакка чейин уланып келе жататканы өкүндүрөт.

Кыргыз-Япон мамилеси 30 жыл мурда түзүлсө да эки өлкө алакаларынын алкагында экономикалык кызматташуу потенциалыбыз ачылбай турат. Ушул кезге чейин болгону араң 2% гана потенциалыбыз колдонулуп атат, тыгыз кызматташуу аркылуу өз ара мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү маалы келди деп үмүттөнөбүз. Элчилерибиз алгылыктуу иш алып барып, жандуу иштешсе эки өлкөнүн мамилеси жогорку денгээлге чыгаары шексиз. Ал үчүн Япон элинин кулк-мүнөзүн түшүнө билген адамды дайындасаңыз ийгиликтүү жыйынтык чыгат деп ишенебиз.   

Японияда ар тармакта эмгектенип, окуп жүргөн Кыргыз жарандары Элчилик кызматка Япониянын эн алдыңкы университетинде билим алып, бул жактын билим берүү тармагында эмгектенген,  10 жылдан ашык Японияда жашап, япончо, англисче билген Сейтек Качкынбайды элчилик кызматына дайындап берүүңүздү суранабыз.  

Терең урматыбыз менен:

Аалы Темирканов

Абазбек Омурзаков

Мирбек Тентиев

Мирбек Кадыров

Назым Байбосунов

Нургазы Исманов

Нурбек Токторбай

Тимур Букулуев

Ширин Жоробекова