КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында акча талап кылуу фактысы боюнча коррупцияга бөгөт коюу иштери улантылууда. Бул сапар Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны Э.А.К. жана милициянын лейтенанты А.А.К. кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты.
Анда айтылгандай, аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен К.И.К. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара иретинде талап кылышкан.
Натыйжада, К.И.К. Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен КР УКМКсына кайрылган. 2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.
Бул факты боюнча 2022-жылдын 26-августунда КР ИИМдин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.