Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экендиги тастыкталганы тууралуу маалымат тарады. Ага таянсак, экс-депутат Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган делген жасалма документти 2003-жылы алган.
Андан ары экс-депутат ошол жасалма диплом менен ТИМдин Дипломатиялык академиясына тапшырган жана "Эл аралык мамиле" багыты боюнча адистикти алган.
Иликтей келгенде, КУУ тарабынан 2003-жылы Момбековдун атына эч кандай диплом берилбегени тастыкталган. Ошондуктан, анын Дипломатиялык академиядан алган диплому дагы жокко чыгарылды.