Ырчы Сайкал Садыбакасова 2020-жылы 18 жашында жүрөк оорусунан каза тапкан бир тууган иниси Эркинди эскерип, Инстаграмдагы баракчасына жазды:
- Жараткан берген шыбагасы - ыр дүйнөм бар. Ошол ыр дүйнөм менен алаксып, ошол ыр дүйнөмдөн ырыскымды терип жеп тирүүлүктүн күндөрүндө жүргөнүмө миң шүгүр. Бирок бөксөргөн жан дүйнөңдөгү кемчилик, бир тууганыңдан ажырап, өмүр бою анын келбестигин моюндап жашоонун өзү - ары азап, ары тозок экен. Он гүлүңдүн бир гүлү ачылбай кеткенин эстегенде сай-сөөгүм сыздайт, жүрөгүм жанчылат, болгон дүйнөм бырчаланат. Ал учурдагы мендеги сезимдерди сөз менен жеткирип берүү кыйын. Куран окуп, бейиште жүрөгүңдү моюндап, аргасыз өзүмдү өзүм алаксытам да. Апам экөөбүздүн канатыбыз, жашоодогу коргоочубуз, колдоочуубуз жалгыз сени Жараткан бизге ыраа көрбөй, өзүнө алып алганына ушунчалык ызаланам, көз жаш тыйбайм. Канткен күндө да кайтпас сапарга кеткениңди ойлоп, куран багыштап гана тим болом. Аллахым өз ырайымына алсын. А мен апамдын канаты, сырдашы, колдоочусу, коргоочусу болуп берем деп сөз берем.