Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов жакында Москвага болгон сапары тууралуу жазды:

- Үстүбүздөгү жылдын 20-августунда Москва шаарындагы эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугуштук. Жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат, консул катышты. Ошол жерде кыргызстандык мигранттардын бардык маселелерин уктук. Көбүнчө регистрация, кара тизме боюнча арыз-муңдарын айтып жатышты. Элчи Гүлнара-Клара Самат ар биринин маселесин угуп, чечүү жолдорун сунуштап, так жоопторун берип жатты. 

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги абдан жакшы иштерди жолго койгонуна күбө болдук. Мисалы, Москвадагы мигранттардын балдарына орус тилин бекер үйрөтүүчү сабактар өткөрүлүп, ошондой эле, бюджеттик мектептер менен келишим түзүүнү колго алышкан. Жыйынтыгында, 100 бюджеттик орун бөлдүрүүгө жетишишкен. 

Ошол эле учурда, мигранттардын көйгөйүн чечкен Элчиликтин өзүндө дагы маселелер бардыгына күбө болдук. Биринчиси, штаттын жетишсиздиги. Россияда миллиондон ашуун кыргызстандык мигранттар бардыгы айтылып келатат. Алардын көпчүлүгү Москва шаарында эмгектенишет. Элчилик күнүнө ар кандай маселе менен миңдеген мекендештерди кабыл алат. Болгону үч юрист иштейт экен. Миңдеген адамдын маселесин аз сандагы кызматкерлер чечүүгө аракеттениши чындыгында, абдан түйшүктүү жана оор. Ага карабай тынымсыз аракеттенишип, мекендештерге болгон ыңгайлуу шарттарды түзүп жатышат. Мисалы, калкты тейлөө борборунун иши ырааттуулукка салынган. Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууну каалаган жарандарыбыз ага 7 мүнөт убактысын коротот. Паспортту дагы кыска мөөнөттө алмаштыра алышат.  

Бул жолугушуу  мигрант мекендештерибизди  түйшөлткөн маселелердин чечилишине өбөлгө болооруна шегим жок. Жолугушуунун аягында алыскы жерде эмгектенип жүргөн мекендештерибизге бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалап, жылуу маанайда кош айтыштык.