Россиянын Ульяновск облусунда ири жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 14 кыргызстандык каза болду. Жол кырсыгынын күнөөкөрү жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгонун Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских айтып чыкты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгына себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган дагы каза тапкан. Башкаруусуз калган автоунаа каршысында келаткан, кыргызстандыктар отурган автоунааны сүзгөн.